Жалал-Абад облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасы жабылды, анткени андагы бардык кызматкерлер таажывирусту жуктурушкан. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, ал ооуканада жыйынтыктоочу дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
“Ош облустар аралык ооруканасынын бир корпусун бошотуп, ошол жакка таажывирусун жуктуруп алган балдар үчүн атайын койко даярдайбыз. Ал эми Жалал-Абаддагы оорукананы дезинфекциялоо үчүн жабылды. Бардык кызматкерлер ооруканага жаткырылды, алар менен тыгыз байланышта болгон адамдарды обсервацияга жаткырдык” – деп билдирди министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ