Кыргызстанда мурун таажывирус диагнозу коюлган 9 кишинин абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өткөн өкмөттү брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Анын айтымында, 9 кишинин бешөө реанимацияда жатат. Алар жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда.
Ошондой эле министрдин айтымында, бүгүнкү күндө 10070 адам көзөмөлдө турат, алардын 439у үй карантининде.
“Эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, бул биздин ишибиздин сапатын көрсөтүп турат, биз бейтаптарды өз убагында таап, изоляциялайбыз”, – деди Абдикаримов.
Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 270 адам жабыркоодо.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ