Бүгүн, 8-апрелде, түнкү саат 03:51 чамасында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кең-Суу айылынан түндүк-чыгышка 19 чакырымда, Эркештам айылынан түндүк-батышка 20 чакырымда, Нура айылынан түштүккө 26 чакырымда, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 120 чакырымда жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кек-Суу айылында 4 баллга, Эркештамда 3,5 баллга, Нура айылында 3 баллга сезилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ