Menu

Экс-депутат Камчыбек Ташиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди командасы менен отставкага кетүүсүн талап кылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелде экс-депутат Камчыбек Ташиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чет өлкөдө калып кеткен мекендештерди алып келүүгө алгылыктуу аракет жасабай жаткандыгы үчүн командасы менен отставкага кетүүсүн талап кылды.

Урматтуу Премьер-министр!
Кайдыгерлик, тоготпостук, жөндөмсүздүк сапаттарыңыз менен Кыргыз элибизди кор кылдыңыз!
Эмне үчүн башка чет өлкөлөрдө калып, кайтып келүүгө үлгүрбөй калган биздин мекендештерибизди кайтарып алып келүүгө аракет жасабай олтурасыз?
Бул чет өлкөлөрдөгү биздин атуулдарыбыз мигрант болуп бала-чакасын, ата-энесин, мамлекетин багып жүрушот эмеспи,алардын убагында тапкан акчалары керек да оздору керек эмеспи???
Мамлекет ар бир жараны учун курошууго аракет жасаш керек,ал эми сиз олконун премьер-министри катары милдеттуу турдо ал адамдар учун бардык мамлекеттик рычагдарды колдонушунуз керек.
Эгерде ошол чет жерде ,аэропорттордо, чек аралык жолдордо кароосуз калып кеткен мекендештерибизди алып келе албасаңыз, анда сизден толук ишенич кетет.
Ал мекендештерибиз акча сураган жок, колдорунда самолетко билеттери бар, чек араларда машиналары менен турушат, керектүү башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары менен сүйлөшүп тез аранын ичинде чечиңиз!
Ушундай кыйчалыш учурда элдин керегине жарабасаңыз, анда отставкага кетиңиз, командаңызды кошо ала кетиңиз, эл үчүн жанын берип иштей ала турган атуулдарыбыз четтен табылат!
Элдин да, өзүңүздүн да убактынызды текке кетирбеңиз, чечиңиз маселени!

Камчыбек Ташиев, экс-депутат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: