Өткөн суткада Ошто 10 адам коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, кармалган жарандар комендатурага жана райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилип, протокол түзүлүп, 3 миң сомдон айып пул салынган.
“Ал эми мас абалында унаа башкарган 2 айдоочуга 17 500 чом айып пул, муну менен бирге коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн дагы 3000 сом айып пул салынды” – деп билдирди комендант.
Коменданттын айтымы боюнча, шаар жана райондордо абал туруктуу жана комендатуранын көзөмөлүндө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ