Menu

Кубатбек Боронов: “Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу буюмдары менен камсыздоодо көйгөйлөр жок”

Бөлүшүү:

Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу буюмдары менен камсыздоодо көйгөйлөр жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өкмөттө өткөн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Жеке коргонуу каражаттары бизге гуманитардык жардам аркылуу келет, же биз өзүбүз сатып алабыз” деди вице-премьер-министр.

Ошондой эле ал аймактарда жеке коргонуу шаймандары жетишпейт деген маалымат боюнча иш жүрүп жаткандыгын айтты.

“Бул маселе боюнча ыйгарым укук өкүлдөрү жана акимиаттар каражаттарды камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат”, – деди Боронов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: