Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда аял күйөөсүнүн өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 31-мартта болжол менен саат 15:00 чамасында болгон. Үй-бүлөлүк чырдан улам 47 жаштагы аял жолдошуна бычак сайып, ал ооруканага жетпей көз жумган.
Жубайлар төрт баланы тарбиялап келишкен. Алардын экөө Россияда иштеп, калган эки баласы жашы жете элек өспүрүмдөр. Учурда балдар туугандары менен жашап жатышат.
Бул факты Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү аял камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ