Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х.Хаджар менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Ислам өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун бүгүнкү абалы жана келечеги, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө, анын ичинде коронавирустун жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков аталган илдеттин жайылышынын социалдык-экономикалык залакаларын жумшартуу үчүн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууну сунуш кылды.

ИӨБ президенти Бандар M. Х. Хаджар  коронавирус инфекциясы дүйнө өлкөлөрүнүн эли менен экономикасына олуттуу чакырык болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ИӨБ Кыргызстанга тиешелүү колдоо көрсөтүү маселесин карай тургандыгына ишендирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: