Menu

Кытай бийлиги Ухань шаарына киргизилген чектөөлөрдү алып салды

Бөлүшүү:

8-апрелге караган түнү COVID-19 вирусу алгачкы болуп катталган Кытайдын Ухань шаарына киргизилген чектөөлөр алынды. Кечээ январдын аягынан бери толук изоляцияда жашап келген шаарда алгачкы жолу вирус жуктурган бир дагы адам катталган жок.

Карантин маалында бийлик аймактагы бардык окуу жайларды жаап, транспорт байланышын толук токтоткон. Жашоочуларга атайын уруксатсыз шаардан чыгууга тыюу салынган.

Ухань шаары жайгашкан Хубэй провинциясында абал оңоло баштаганы марттын аягында белгилүү болуп, башкаларга коркунуч жаратпаган адамдардын аймактан чыгуусуна уруксат бериле баштаган.

СOVID-19 вирусу Кытайда 2019-жылдын декабрынын соңунда тараган. Андан бери өлкөдө илдет 82 миңге жакын адамга жукту. Алардын ичинен 3300дөн ашууну каза болуп, 77 миңден ашыгы айыгып чыкты.

Буга чейин айрым эксперттер Бээжин өлкөдө коронавирус жуктуруп алган жана каза болгон адамдардын санын төмөндөтүп көрсөтүп жатат деген божомолдорун айтышкан.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө СOVID-19 вирусун жуктурган адамдардын саны дээрлик 1,5 миллионго жетти. Каза болгондор 82 миңден ашты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: