Кыргызстанда коммуналдык коммуналдык кызматтар 3 ай бою өчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул аралыкта эч кандай туумдар кошулбайт.
“Ишкерлер үчүн биз салык отчетун тапшыруу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июлуна чейин жылдырдык” – деп кошумчалады биринчи вице-премьер-министр.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда 270 адам таажывирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 32си медициналык кызматкерлер. Вирустан арылгандардын саны – 33, оорудан улам 4 жаран каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ