20-марттан бери Кыргызстанга чартердик рейс менен 4 769 адам учуп келген. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын башка жарандары үчүн чартердик рейстерди уюштуруу иштери жүрүп жатат.
“Сырттан келген авиакаттамдардын бардыгы токтотулган. Көптөгөн өлкөлөр чет өлкөлөрдөгү жарандарынан таажывирустун активдүү фазасы өтүп кеткенге чейин жеринде болушун суранышат. Биздин жарандарыбызга дагы ушуну айткым келет, бирок эгер келүүнү каалаган адамдар болсо, биз аларды таштабайбыз. Россияда, Дубайда жана Түркияда өз мекенине кайтып келүүнү каалаган жарандарыбыз бар экендигин билебиз” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ