Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевди кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовду жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевди кабыл алды.

Азыркы кырдаал, борбордун жана жалпы эле өлкөнүн территориясына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өзгөчө абал жарыяланган башка шаарлар жана райондорго караганда өлкө борборундагы кырдаалды көзөмөлдөө татаалыраак экенин белгиледи.

«Өзгөчө абалдын киргизилиши менен шаар тургундарына көптөгөн ыңгайсыздыктар жаралды. Албетте, нааразычылыктар да бар. Бирок баарыбыз бул жарандардын саламаттыгын сактоо, эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана коронавирус инфекциясын жайылтпоо үчүн аргасыз муктаждык экенин түшүнүшүбүз керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Бишкек шаары менен Чүй облусуна ички миграциянын агымы чоң, борбордо жана анын айланасында көптөгөн социалдык жактан аялуу жарандар жашайт.

«Чүй өрөөнүндө жашап, Бишкекке келип, күнүмдүк иш таап, үй-бүлөсүн баккандар бүгүн өзгөчө жардамга муктаж. Алар камкордуктун көңүл борборунда болушу керек. Борбор шаардын жана облустун жетекчилери бул багытта  координацияланган аракеттерди жүргүзүүгө тийиш», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков муктаж жарандарга даректүү жардам көрсөтүү, ошондой эле калктын саламаттыгын коргоону жана жарандар тарабынан карантин эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча Бишкек шаары менен Чүй облусунун жетекчилигинин күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгына токтолду.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүнкү күндө борбордо 56 миң аз камсыз болгон жана муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси түзүлгөндүгүн маалымдады. Аларга жергиликтүү бюджеттен биринчи кезекте зарыл болгон азык-түлүктөр менен даректүү жардамдар көрсөтүлүп жатат, Өкмөттүн линиясы боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан 300 тонна ун бөлүндү.

Ошондой эле эл аралык кайрымдуулук фонддору, бизнес өкүлдөрү жана шаардыктар калктын аялуу катмарын азык-түлүк наборлору менен камсыздоо боюнча мэрияга колдоо көрсөтүп жатышат.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев дагы бүгүнкү күндө облуста калктын социалдык аялуу катмарына, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү жана аймакта азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү фонунда жазгы талаа иштерин өз маалында жүргүзүүгө бардык күч жумшалган. Бүгүнкү күндө облус боюнча жазгы талаа иштери 94%га жыйынтыкталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун аягында калктын саламаттыгын өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин күчөтүлгөн чараларды сактоо менен коргоо, ошондой эле өзгөчө абал киргизилген аймактарда жашаган жарандарды эң зарыл делген азык-түлүк менен камсыздоо маселелери бирдей  мааниге ээ жана жергиликтүү бийликтерден бул маселелердин аткарылышы үчүн толук берилип иштөөнү талап кыларын белгиледи.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: