Кыргызстанда таажывирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымы боюнча, ошондой эле өзгөчө кырдаалда, кесиптик милдеттерин аткарып жатканда таажывирусту жуктуруп алган дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге 200 миң сом төлөнөт.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда 270 адам таажывирусун жуктуруп алган, алардын ичинен 32си медициналык кызматкерлер. Вирустан арылгандардын саны – 33, оорудан улам 4 жаран каза болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ