Өзгөчө кырдаал абалы канчага чейин созула тургандыгы таажывирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде маалымат берди.
“Мен так айта албайм, анткени мунун баары баарыбыздын өзгөчө кырдаалдарда иш-аракет алып барганыбызга байланыштуу. Эгерде калк медициналык кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактап, өкмөт жана мамлекеттик органдар тарабынан так иш уюштурулган болсо, анда биз бул көйгөйдү тезинен чечебиз. Албетте, бул бир гана өкмөттөн көз каранды эмес, биз ар дайым айтып келе жаткандай, калктан дагы көз каранды. Алардан бир гана сураныч же талап бар: медициналык кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так аткарыңыз” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
Белгилей кетсек, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна Өзгөчө абал тартиби киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ