Кара-Көлдө жашы жете электердин иштери боюнча инспектору пара алып жаткан жеринде кармалган. Буга чейин ал 2003-жылы туулган жашы жете элек кызга жыныстык катнашта болууну сунуш кылган. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде журналисттерге коопсуздук кызматкерлери кабарлашты.
Маалыматка караганда, Кара-Көлдө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспектору түн ичинде мектепте окуган кызды кармап, өзгөчө кырдаалды бузгандыгы үчүн камакка алам деп коркутуп, аны жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Бирок 10-класстын окуучусу баш тарткан, андан кийин милиция кызматкери андан 5000 сом талап кылган.
Ал өткөн дем алыш күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан пара алып жатканда кармалган. Учурда ал эки айга убактылуу кармоо жайына камалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ