Menu

Кубатбек Боронов: “Жазгы талаа иштерине тоскоолдук кылган кызматкерлерге карата чаралар көрүлөт”

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө эч кандай тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрель күнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымы боюнча, комендантурага жана жергиликтүү бийликтерге тиешелүү тапшырмалар берилген.

“Жазгы талаа жумушун жүргүзгөндөргө эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Ал жерде документ суроо, справка же уруксат кагазын суроо деген маселе жаралбашы керек. Айыл чарба, жазгы талаа жумуштары өз учурунда тиешелүү деңгээлде жүргүзүлүшү үчүн мамлекет тарабынан шарттар түзүлгөн. Тилекке каршы, кээ бир жерлерде ушуга окшогон маселелер пайда болуп жатканын угуп жатабыз. Бирок, андай маселе чыга турган болсо, биз ага каршы иштерди жүргүзүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөт” – деп билдирди Кубатбек Боронов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: