Menu

Джалал-Абад милициясы: Кара-Көлдө милиционер жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылды деген маалымат жалган, ал пара алып кармалган

Бөлүшүү:

Айрым бир маалымат булактарында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери 9-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган деген маалымат тарап жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы төмөндөгүлөрдү билдирет.

Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана ИИМдин ички иликтөөлөр кызматы менен биргеликте Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаардык милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору, кенже лейтенант А.Б. беш миң сом пара алып жаткан жеринен кармаган.

Биринчиден, Кара Көл шаарында эч кандай коменданттык саат киргизилген эмес, экинчиден маалымат булактарына аны зордуктоого аракет кылды деген маалымат жалган. 9-класстын окуучусун түн ичинде көчөдө жүрбөшүң керек деп эскертип, сенин жүрүш-турушуңду интернет булактарына тартып чыгарам деп коркутуу  менен акча талап кылгандыгы алгачкы тергөө-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө такталды. Шектүүгө карата пара талап кылуу беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш процессинин алкагында тергөө иликтөө иш-чаралары жүрүүдө. Бирок анын жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылганы боюнча иш козголду деген маалымат жалган экендигин баса белгилейбиз.

6-апрель күнү Жалал-Абад областык соту тарабынан А.Бнын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган.

Азыркы учурда опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөнү Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзүп жатат.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарын кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: