“Кечээ, 7-апрель майрамынын алдында бир тууган Матраимовдор атасынын атындагы фонд аркылуу Талас облусуна 50 тонна ун жана башка азык-түлүктөрдү жардамга жөнөтүптүр. Облустагы төрт: Манас, Талас, Кара-Буура Бакай-Ата райондоруна жана Талас шаарынын ар бирине 10 тоннадан бөлүп алдык. Жардамга муктаждарга таратылып жатат. Матраимовдор Таласка дагы 50 тонна ун жана башка азык-түлүктөрдү жөнөтүп жатышыптыр. Талас элине кылган жардамы үчүн Раим Матраимовго терең ыраазычылык билдирем”, – деп билдирди бүгүн, 8-апрелде Таластан Апрель баатыры, КСДПнын 2010-жылдагы Талас облусу боюнча кординатору Төлөгөн Наралиев.
“Ал эми Апрель ревоюциясынын 10 жылдыгы тууралу айтсам, ал кезде биз лидер эсептеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баары элди алдап кетишти. Бакиевди 5 жыл иштетпей куудук эле, бул Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариевдерге 10 жыл убакыт берсек да колдорунан эч нерсе келбей койду. Булар сүйлөгөндү гана билишет экен. Биз кандай чоң үмүттөр менен революцияга катышып, ушуларды бийликке алып келдик эле. Булар баштаганда эле банк ячейкаларын талап-тоноодон, мародерлуктан башташты. Кыргыз мамлекетин коррупциянын сазына батырышты. Өздөрү болсо байып, олигарх болуп чыгышты. Ал эми карапайым эл жыл сайын жакырданып, турмушубуз оңолбоду. Кыскасы, Апрель революциясынын максаттары ишке ашкан жок. Убактылуу өкмөт элди алдап кетишти”, – деди Төлөгөн Наралиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ