Menu

Москвада 16 жаштагы кыргыз кызы жаңы төрөгөн ымыркайын подъездге таштап салган

Бөлүшүү:

Москвада 16 жаштагы Кыргызстандын жараны бала төрөп, ымыркайды үйдүн подъездине таштап салган. Бул тууралуу 8-апрелде россиялык ММКлар полициядагы булактарына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, ымыркайды полиция кызматкерлери Муса Жалил көчөсүндөгү үйдүн подъездинен табышкан. Ымыркайдын төрөлгөнүнө бир гана күн болгону маалым болгон. Ал ооруканага жеткирилди. Ал эми баланын апасы ушул эле үйдө каттоосуз жашап жүргөн. Ал эркек ымыркай төрөгөндөн кийин көчөгө таштап кеткен. Ымыркайдын энеси дагы ооруканага жеткирилген.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: