Menu

Лондон соту Дарига Назарбаева менен Нурали Алиевдин кымбат үйлөрүн камактан чыгарды

Бөлүшүү:

Лондондун Жогорку соту 8-апрелде “булагы аныкталбаган байлыкка алынган үч кыймылсыз мүлккө” берилген ордерлерди жокко чыгарды. Бул үч кымбат үйдүн биринде Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев жашайт.

Буга чейин Кылмыштуулук менен күрөшүү агенттиги мыйзамсыз жол менен табылган капиталдарга каршы күрөшүү компаниясынын алкагында Назарбаевдин жээнине таандык мүлктү камакка алган. Жалпы мүлк 80 миллион фунт стерлингди түзөт (104 миллион доллардын айланасында).

Лондондун Жогорку соту үч ордерди тең жокко чыгарды. Соттун токтомунда далилдер жетишсиз экенин айтылган.

Кылмыштуулук менен күрөшүү агенттиги Лондондогу эки хансарай жана бир батир Нуралинин атасы жана Дарига Назарбаеванын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин “мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына алынганын” тастыктаганга аракет жасаган. Бирок сот офшордук компанияны Алиев ачып, мүлктөрдү сатып берген деген жүйөлөргө ынанган эмес.

Соттун чечиминде каржы булагы “экономикалык жактан көз карандысыз” Дарига Назарбаева болушу мүмкүн экени айтылган.

Дарига Назарбаеванын адвокаты ал толугу менен акталганын жана беделине доо кетирбөө үчүн катаал процедуралар менен күрөшүүгө туура келгенин билдирген.

Кылмыштуулук менен күрөшүү агенттиги соттун чечимине каршы апелляция берүүгө ниеттенүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: