Кечээ, 8-апрелде Кара-Балта шаарында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде журналисттерге окуяга күбө болгондор билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болжол менен саат 18:50 чамасында Бишкек – Чалдовар унаа жолунун Жайыл Баатыр көчөсүнүн боюнда “Фольксваген Пассат”, “Ауди А6” жана жол тандабас унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Күбөлөрдүн айтымында, “Фольксваген Пассат” унаасынын айдоочусу күнөөлүү деп айыпталууда. “Бул унаанын айдоочусу жаш бала болчу. Анын унаасы эң көп жабыр тартты. Окуя болгон жерге милиция бөлүмүнүн кызматкерлери келишти. Ал эми кырсыктан жабыркагандар жок”, – дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ