Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктардын бири борбор калаада болгон. Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде таштандылар өрттөнүп кеткен.
Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүндө өрт чыккан.
Ошондой эле, Каракол шаарындагы Пристан-Пржевальск айылында 220 чарчы метр аянттагы кургак чөп өрттөнүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ