Бүгүн, 9-апрель саат 08:00гө карата өлкө аймагында дагы 10 жаран таажывирус илдетине кабылганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мадамин Каратаев кабарлады.
Жаңы учурлар:
-Бишкек шаарында – 1,
-Ош облусунда – 1,
-Ош шаарында – 3,
-Жалал-Абад облусунда – 5. (Сузак районунда -4; Аксыда – 1)
Алардын ичинен 3 аял жана 7 эркек.
Вирусту жуктургандардын арасында эки адам медицина кызматкерлери.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 280ге жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ