Республика боюнча таажывирус илдети менен 280 жаран жабыркап жатат. Ооругандардын арасында 15 жашка чейинкилердин саны 30га жетти. Анын экөө 1 жашка чейинки наристелер. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 15 жашка чейин – 30 бала (анын ичинде 1 жашка чейинки 2 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 11 адам;
– 20 жаштан 35 жашка – 71 адам;
– 35 жаштан 55 жашка чейин – 101 адам.
Ал эми калгандары 56дан 67 жашка чейинки адамдар.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ