Menu

Чүй милициясы таажывирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Бөлүшүү:

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун милиция кызматкерлерине райондук администрациянын жана ыктыярдуу улуттук командасынын өкүлдөрү профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөтүшүп, ошону менен бирге калк арасында өзгөчө кырдаалдардын эрежелерин сактоо, жеке гигиена эрежелерин сактоо боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө.

Айдоочуларга жана аймактын жашоочуларына коронавирус илдетинин кантип жайылтпоо жөнүндө маалымат баракчалары таратылды.
Мындай иш-чаранын негизги максаты – бул сактык чаралары жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдарга эскертүү. Кооптуу вирустун жайылуу коркунучу болгондуктан, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Патрулдук көзөмөл учурунда катуу үн чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуп, милиция кызматкерлери тургундардан азыркы учурда колдонулуп жаткан эрежелерди жана чектөөлөрдү сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: