Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 280 бейтап күрөшүп жатат. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев бүгүн, 9-апрелде өкмөттө өткөн брифингде билдирди.
“Бүгүнкү күндө таажывирус илдети менен жабыркап жаткандардын 246сы ооруканада. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор. Учурда бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан 5 бейтаптын төртөө республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында, ал эми бир бейтап Ноокат аймактык ооруканасында”, – деди Каратаев.
Таажывирус илдетинен 30 бейтап айыгып, 4 адам көз жумду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ