Медицина кызматкерлери ачка калып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөттө өткөн онлайн жыйында билдирди.
“Медицина кызматкерлери ачка калып жатат деген маалымат туура эмес. Аларга баардык шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Ооруканада иштегендердин түшкү тамактануусун ал жактын администрациясы өзү уюштурууда” – деди Каратаев.
Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен 280 бейтап жабыркоодо. Алардын ичинен 34 медицина кызматкерлери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ