Ысык-Көл облусунда жазгы талаа жумуштары башталганы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылындагы дыйкан Бакытбек Мамбетов тыным ала элек. Ал азыр 20 гектардан ашуун айдоо аянтын айдап-себүү иштерине даярдап жатат. Ал быйыл картошканы арбын айдоого камынууда.
“Акыркы 6-7 жылдан бери картошканы көбөйтүп, картошкага басым кылып жатабыз. Мамлекетибиз солярка жагын үзбөй жеткирип берип жатат”, – деди Бакытбек Мамбетов.
Азыркы убакта Ак-Суу районундагы картошканы баасы дүңүнөн 27-30 сомго чыкты.
“Акыркы 5 жылда картошка баасы мынча жогорулаган эмес. Өткөн жылы эле картошканын 1 килограммы 5-6 сомдон сатылган. Мындай баа картошканы айдап-себүүгө кеткен чыгашаны да жаппай калып, эмгек талаага кеткен. Быйыл баанын 5-6 эсе жогорулашы дыйкандар үчүн күтүүсүз болду. Кампамда 120 тоннадан ашык картошка кармап турам. Кирешемди айыл чарба техникаларын сатып алууга жумшайм “, – дейт Мамбетов.
Ысык-Көлдө 24 миң гектар жерге картошка айдалат, бул өлкөдө өндүрүлгөн картошканын үчтүн бирин берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ