Россиянын Нижний Новгород облусунун Арзамас шаарында таажывирус илдетин жуктуруп алган бейтап жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлерге карматпай качып жүргөнүн окуяга күбө болгондор уюлдук телефонго тартып алышкан.
Анда психикалык оору менен жабыркаган адам бир жерден таажывирус илдетин жуктуруп алган. Аны дарыгерлер ооруканага алып кетип жатышканда бейтап аларга карматпай качып кетүүгө аракет кылган.
Бирок ал кармалып, азыр ооруканага жаткырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ