Menu

ТИМ: Азыркы учурда чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү мүмкүн эмес

Бөлүшүү:

Азыркы учурда дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жүргөн кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрель күнү Тышкы иштер министрлигинин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.

“Азыркы учурда көптөгөн мамлекеттер аба мейкиндиктерин жапкандыгы үчүн, чек аралардан өткөрүү убактылуу токтогондуктан, чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы мезгилде мүмкүн эмес” – деп баса белгиледи Нуран Ниязалиев.

“Ата мекенине кайтып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгон аэропорттордогу жана чек арадагы транзиттик чөлкөмдөрдөгү жарандарга, элчиликтер, биздин консулдуктар, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар, анын ичинде эл аралык миграция уюму дагы консультативдик жана иш жүзүндө жардам беришүүдө” – деп кошумчалады министрдин орун басары.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: