Menu

Жеңиш Жоробеков, комендант: Бир сутка ичинде Жалал-Абад облусунда 15 кылмыш иши катталды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад областынын жана өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана көзөмөлдө болду. 2020-жылдын 8-апрелинен 9-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында баары болуп – 15 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен өзгөчө абал киргизилген аймактардан – 6 (Жалал-Абад – 2, Сузак – 4) кылмыш окуялар катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, Сузак районунун аймагынан – 21 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 67 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан – 64 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган.
«Урматтуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, учурда эл арасында тамак-ашы, күнүмдүк азык-түлүктөрү түгөнүп, социалдык жактан кайрылуулар көбөйүп жатат. Бул жаралган маселелерди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мэрия жана акимдер менен биргеликте кеңешип чечүүгө багыт алып иштеп жатабыз. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда буйруса тартип катуу көзөмөлдө, учур талабы социалдык маселени чечүүдө бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатат. Андыктан баарыңыздарды тартипти бузбоого, сабырдуулукка жана жеке гигиена сактоого чакырамын»,- деп комендант Ж.Жоробеков элге кайрылуу жасады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: