Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык таажывирусун жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрель күнү Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев өкмөттүк онлайн брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, 23 жаран төмөнкү аймактарда: Бириккен Араб Эмираттарында – 3, (анын ичинде 1 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган) Пакистанда – 7, Индияда – 1, Испанияда – 1 (студент, үй карантинин аякташын күтүп жатат), Малайзияда – 4 (бардыгы студент, 1 сакайып оорукадан чыккан, калгандары да айыгып, ооруканадан чыгуу алдында).
Ошондой эле Казакстанда таажывирусун жуктуруп алган 3 кыргызстандык 6-апрелде өлкө кайтарылып, ооруканага жаткырылган.
Чет өлкөдө ооруга чалдыккан жарандардын бардыгы ооруканада дарыланып жатышат.
“Консулдук кызматкерлер алар менен тынымсыз байланышта болушууда” – деп кошумчалады Нуран Ниязалиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ