“6-апрелде Россиядан чартердик авиа каттам менен 17 жараныбыз келген. Алардын ичинен 7 адамдын экпресс-тести оң натыйжасын көрсөткөн” – деп билдирди бүгүн, 9-апрель күнү Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев онлайн брифингде.
Анын айтымы боюнча, аларды обсервацияга жаткырылган, медициналык кызматкерлер анализдердин акыркы жыйынтыктарын алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Белгилей кетсек, 6-апрелде Россиянын Екатеринбург шаарынан чартердик каттам 17 кыргызстандык учуп келген. Алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар ооруканасына, калган 12 адам обсервацияга жаткырылганы маалым болгон.
Ошол эле күнү “Урал авиакаттамынын” учагы Россиянын 35 жараны менен кайрадан Екатеринбург шаарына учуп кеткен.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ