Menu

Ибраим Нуракун уулу, ЖКнын басма сөз катчысы: “Спикер Дастанбек Жумабеков элге 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары элге жардам берип жатабы? Ооба. Колунан келгендери материалдык жардамдарды көрсөтүүдө. Коронавируска каршы күрөшүү фондуна да үй-бүлөлөрүнүн атынан акча которгондор бар. Макул болгондорун Басма сөз кызматы kenesh.kg сайты аркылуу берген жардамдары тууралуу маалыматтарды жарыялап жатат. Президент айтмакчы, ыйлабай эле, ырдабай эле, реклама кылбай эле өз регионуна, муктаж адамдарга кайырымдуулук кылган ондогон депутаттардын тизмеси бизде бар”, – деп билдирди бүгүн, 9-апрелде  паррламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу.

“Сөзүм куру болбош үчүн Жогорку Кеңештин үч төрагасы кылып жаткан иштер тууралуу эле кыска маалымат бере кетейин. Учурдагы төрага Дастанбек Жумабеков 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты. Эки айлык эмгек акысын фондго которду”, – деди Нуракун уулу.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: