Menu

Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды

Бөлүшүү:

Баткен облусунда 609 адам обсервациядан үй карантинине чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, жарандарга үй карантинин эрежелери түшүндүрүлдү жана алар үй карантининде дагы  тийиштүү кызматкерлердин көзөмөлүндө болушат.

Учурда обсерватордо 337 адам, ал эми изолятордо 82 киши бар. Алар үчүн ӨКМ облустук башкармалыгы жана Улуттук кызыл ай коому тарабынан шарттар түзүлүп, ысык тамактар берилүүдө.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жалпысынан 4 адам илдетке чалдыккан. Кыргызстан боюнча, 280 адамдан таажывирусу аныкталган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: