Жогорку Кеңештин депутаттары элге жардам берип жатабы? Ооба. Колунан келгендери материалдык жардамдарды көрсөтүүдө. Коронавируска каршы күрөшүү фондуна да үй-бүлөлөрүнүн атынан акча которгондор бар. Президент айтмакчы, ыйлабай эле, ырдабай эле, реклама кылбай эле өз регионуна, муктаж адамдарга кайырымдуулук кылган ондогон депутаттардын тизмеси бизде бар”, – деп билдирди бүгүн, 9-апрелде паррламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу.
“Мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты. Тагыраак айтканда, 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден суюк май таратты. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөш фондуна 1 миллион сом которду.”, – деди Нуракун уулу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ