Menu

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалган Нурболот Усенбаевдин эмгек жолу

Бөлүшүү:

Усенбаев Нурболот Төлөшевич Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 9-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Үсөнбаевдин резюмесин таратты:

Усенбаев Нурболот Төлөшевич 1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун санитардык дарыгер адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердиги:

– 1985-1986-жылдары – Кыргыз медициналык институтунун эпидемиология кафедрасында ассистент;

– 1986-1992-жылдары – дарыгер-эпидемиолог, Жети-Өзгүз райондук санэпидстанциянын эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

– 1992-1998-жылдары – Ысык-Көл облусунун Тоң райондук санэпидстанциянын башкы дарыгери;

– 1998-1999-жылдары – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;

– 1999-2002-жылдары – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы;

– 2002-2006-жылдары – Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директорунун орун басары;

– 2006-2012-жылдары – СПИД, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча глобалдык фонддун долбоорнун менеджери;

– 2012-2013-жылдары – Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн башчысы;

– 2013-2014-жылдары – Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары;

– 2014-2015-жылдары – Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча борбордун жетекчиси;

– 2016-жылдын апрель айынан баштап 2020-жылга чейин – Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун директорунун орун басары.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: