Бүгүнкү күндө казыналык cистема штаттык режимде иштеп жатат. Пландаштырылган чыгымдар: айлык акылар, жөлөкпулдар, Социалдык фондго которуулар толугу менен каржыланды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрель күнү Каржы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.
Анын айтымы боюнча, апрель айында 2,7 миллиард сом бөлүнгөн, анын ичинен 1 миллиард сом Социалдык фондго жана 609 миллион сом социалдык жөлөкпулдарга бөлүнгөн.
“Апрель айына пландаштырылган бардык социалдык чыгымдар толугу менен камсыздандырылат” – деп ишендирди Марлен Амандыков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ