Нурболот Үсөнбаев КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Ал мурдагы Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Төлө Исаковдун ордуна дайындалды. Нурболот Үсөнбаев мурда КР Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борборунун директорунун орун басары болуп эмгектенген. Ошондой эле, ал таажывирус менен күрөшүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү штабынын башчысы болгон. Учурда ал 57 жашта.
Белгилей кетсек, бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ