Menu

Кыргызстан Түркиядан таажывирусту аныктоочу 30 400 даана ПЧР тест-системаларын сатып алды

Бөлүшүү:

Кыргызстан Түркиядан таажывирусту аныктоочу 30 400 даана ПЧР тест-системалар реагенттери менен сатып алды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде республикалык штабдан билдиришти.

Бул тест-системаларды Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкына караштуу “Fael Khair Program” фонду аркылуу гранттык каражаттарга сатып алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өтүнүчү боюнча Тышкы иштер министрлигинин жардамы менен банк 350 миң доллар бөлгөн.

ПЧР тест-системалар реагенттери менен 8-апрелде өлкөгө келген.
ПЧР тесттер Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму тарабынан тастыкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: