Menu

Видео – Атамбаевчилер башына таш менен урган Самат Курманкуловду ооруканада туулган күнү менен министр куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-апрелде милициянын полковниги, Чүй облусттук милициянын экс-начальниги Самат Курманкуловдун туулган күнү.

Ал жакында эле Москвадан Кыргызстанга которулуп келип, азыр ИИМдин атайын ооруканасында дарыланууда. Бүгүн аны туулган күнү менен оорукананын дарыгерлери, жакындары жана КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев куттукташты. Кашкар Жунушалиев жөнөткөн куттуктоону жана Ардак грамотаны оорукананын башкы врачы тапшырды.

Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр 7-августта Алмаз Атамбаевдин үйүнүн алдында анын тарапкерлери Чүй облустук милициянын начальниги Самат Курманкуловду артынан таш менен башка урган. Алган жаракаттан улам ал комага түшүп, эки жолу операция болуп, жакшы жыйынтык болбогондон кийин 12-августта Москвага жөнөтүлгөн. Ал жактан азыр эле кайтып келди. Бирок Курманкулов азыр басканга жана сүйлөгөнгө жарап, жакшырып калды.

https://www.youtube.com/watch?v=RItIZShKNm4&t=1s

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: