Menu

Кытайда таажывирустун жаңы толкуну башталганына тынчсызданышууда: вирустун көбүн Россиядан келгендер алып кирип жатышат

Бөлүшүү:

Орусиядан келген таажывирустун жаңы учурларынын саны кескин көбөйгөндүктөн, Кытайда тынчсызданууну жаратты.

Акыркы инфекцияны жуктуруп алгандардын жарымынан көбү түндүк-чыгыш чек арасы аркылуу Россия Федерациясынан келген Кытай жарандары. Бул тууралуу Bloomberg жазат.

Белгиленгендей, Россия менен чектешкен Хейлонгьцзян провинциясынын Саламаттык сактоо комиссиясы башка жактан келген таажывирустун 60 учуру жөнүндө кабарлады. Алардын дээрлик бардыгы – Кытай аймагына Россиядан келген унаа же автобус менен кирген жарандар. Бул адамдардын көпчүлүгүнүн жолу Москвадан Владивосток аркылуу өткөн.

Башка жактан келен вирус Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалга олуттуу коркунуч келтирди,  бийликтегилер оорунун жайылышын катуу карантин менен кыскартууга жетишишти.

Жаңы COVID-19 толкунунун коркунучу жаралгандыгына байланыштуу Кытай консулдугу жарандарды Россиянын аймагы аркылуу өткөн маршрут боюнча жүрүүдөн баш тартууга үндөдү.

Буга чейин маалымдалгандай, Кытайдын Хэнань провинциясынын Цзя округу таажывирусту аныктоонун бир нече жаңы учурунан кийин адамдардын кирүүсүнө жана кыймылына тыюу салгандыгын жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

− 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: