Menu

Өкмөт турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча көп берилген суроолорго жооп берет

Бөлүшүү:
  1. Гуманитардык жардамды кантип алса болот? Кайсыл жакка кайрылуу керек?

Жооп: Жардамга муктаж жарандар азык-түлүк түрүндөгү жардамды төмөнкүдөй жолдор менен ала алышат:

1)  Сall-борбордун «1227» түз байланыш номерине 09:00дан 18:00гө чейин чалуу (чалуу акысыз);

2)  1227tunduk.kg порталы;

3) «Биз барбыз!» элдик штабынын тelegram-каналы аркылуу;

4) «Жардам берем» мобилдик тиркемеси аркылуу;

5) Facebookтагы «Жардам штабы» баракчасы аркылуу;

6) 0558 52 60 01 WhatsApp номери аркылуу.

Төмөндөгүлөрдү толтуруу керек:

а.   Ф.И.О

б.  (ИНН)

в.   Мобилдик телефондун номери

г.  Облус, район жана шаарды сөзсүз түрдө белгилөө менен учурда жашаган жерин көрсөтүү

д. Үй-бүлөсү тууралуу кыскача маалымат (үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны).

  1. Турмуштук оор шартта калган жарандар же үй-бүлөлөр гуманитардык жардам алышы үчүн белгиленген критерийлер барбы?

 Жооп: Төмөнкү категориядагы жарандарга биринчи кезекте жардам көрсөтүлөт:

      жакыр жашаган жарандар, анын ичинде:

– балалуу муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын төлөнүүчү «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алуучулар;

– ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөкпул алуучулар (ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, улгайган адамдар, багар-көрөрү жок балдар,  пенсиялык камсыздоо укугу жоктор);

– алган пенсиясынын өлчөмү негизги азык-түлүктөрдүн баасынан төмөн пенсионерлер;

–  жумушсуз жарандар;

      өзгөчө абал/кырдаал киргизген учурда жумушсуз калган адамдар (убактылуу бош эмгек ресурстары).

  1. Гуманитардык жардам ала турган үй-бүлөлөрдүн тизмесин кимдер бекитет?

Жооп: Азык-түлүк түрүндө жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктары тарабынан такталат.

  1. Гуманитардык жардам пакеттеринде кайсы азыктар бар?

Жооп: Күнүмдүк керектелүүчү негизги азыктар: ун, кумшекер, чай, картошка, өсүмдүк майы, күрүч, гречка, макарон.

Азык-түлүк пакетине негизинен ун, өсүмдүк майы, кумшекер, макарон кирет.

 Азык-түлүк пакети үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

  1. Ыктыярдуу жардам түрүндөгү каражаттарды сарамжалдуу сарптоого кантип көз салууга болот?

Каражаттарды сарптоо, көрсөтүлгөн жардамдын саны күн сайын

www.help.covid.kg сайтына жарыяланып турат.

         Мындан тышкары азык-түлүк сатып алуу үчүн депозиттик эсепке жана «Элсомго» юридикалык жана жеке жактардан түшкөн акча каражаттар, райондук мамлекеттик администрациялардын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын өтүнмөсүнө ылайык акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча маалыматты КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтынан алууга болот.

  1. Эмне үчүн учурда Бишкектин жана Чүй облусунун жашоочуларына гана жардам көрсөтүү тууралуу сөз болууда? Ал эми башка аймактардын жашоочулары азык-түлүктөрдү качан ала алышат?

Жооп: Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде 27 мыйзамсыз жаңы конуш бар (Саркофаг, мал көмүүчү жай, көрүстөн жана шаардык таштанды жайы), ошондой эле Бишкек шаарында 47 конуш, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун аймагында 33 – дача бар. Мында каттоосуз жашаган жарандар мамлекеттен социалдык төлөмдөрдү алышпайт. Алар жарандардын турмуштук шарты оор болуп саналат.

Буга байланыштуу комиссия тарабынан биринчи кезекте Бишкек шаарына жана Чүй облусуна азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүүнү кароо чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө башка аймактар дагы азык-түлүк жардамына муктаж, себеби жергиликтүү органдар дотацияда турушат жана азыктар менен камсыздоо мүмкүндүгү жок.

Учурда өзгөчө абалга байланыштуу өндүрүштүк ишканалар, базарлар иштебей, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын жашоочулары азык-түлүк түрүндө жардамга муктаж болууда. Тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча алардын өтүнмөлөрү комиссия тарабынан каралат.

Бүгүнкү күнү республиканын бардык аймактарынан өтүнмөлөр түшүүдө жана маалыматтардын 1227 бирдиктүү базасына киргизилүүдө. «Түндүк» системасы өтүнмө ээлерин облустар боюнча автоматтык түрдө бөлүштүрөт. Өз кезегинде түзүлгөн тизмелер ыкчам түрдө Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жер-жерлерде азык-түлүк жардамын өз убагында көрсөтүү максатында жөнөтүлөт.

  1. Жардам көрсөтүүнү каалаган ишкерлер же жарандар кайда кайрыла алышат?

Жооп: Жардам берүү штабы бардык көңүл кош эмес жарандарды жалпы ишке колдон келген салымын кошууга чакырат. Көмөк тамак-аш жана акча каражаттары иретинде кабыл алынат.

Акча каражаттарын которуу үчүн эсеби: 4402011103034541 (КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги – калктын аяр катмарын биринчи кезектеги зарыл болгон азык-түлүк менен камсыздоо), ИНН 01003199710041. Финансылык каражаттарды Элсомго которуу: 0990 603030 көмөк көрсөтүү үчүн билдирме алууга жоопкер жактын байланыш контакты: Данияр Аманалиев – 0554-033-733 жана Урмат Айталиев 0550 990 574.

  1. Дары-дармек каражаттары башка зарыл азык-түлүк түрүндө көмөк суроого болобу?

Жооп: Жардам берүү штабында азык-түлүк түрүндө гана көмөк көрсөтөт.

  1. Камсыздалган үй-бүлөлөр да көмөк алып жаткандыгы чынбы?

Жооп: Жарандардын кайрылуусу (телефон, социалдык тармак, WhatsAppка келген кат түрүндөгү билдирмелер жана «Түндүк» тутуму) аркылуу анын социалдык абалын аныктоо мүмкүн эмес, бирок азык-түлүк топтомдорун жеткирүүгө жоопкер жактар жана волонтерлор аталган дарек боюнча келген соң, ошол үй-бүлө чындыгында жардамга муктаж экендигин чечүүгө акылуу. Анткени белгиленген дарек боюнча келген волонтерлор кабат үйлөрдө жашап, унаага ээ болгон камсыздалган үй-бүлөлөр да жардам сурап кайрылгандыгына күбө болушкан.

Буга байланыштуу бардык билдирмелерди 1227 «Түндүк» тутуму аркылуу алардын муктаждыктарын аныктоо үчүн райондорго жөнөтүү чечими кабыл алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: