Жогорку Кеңеште дагы бир жаңы депутат пайда болду. Бүгүн БШКнын отурумунда депутаттын бош кызмат ордун парламентке өткөрүп берүү маселеси каралды.
Маалыматка караганда, мандатты Самат Ибраев алган. Ал ЖКга КСДПнын тизмеси боюнча Осмонбек Артыкбаевдин ордуна келген. Артыкбаев соттун күчүнө кирген өкүмүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратылган.
Самат Ибраев – парламент аппаратынын мурдагы башчысы.
Буга чейин 30 жаштагы Айгерим Бешимбаева бош мандат алган. Ал өлкөнүн банктарынын биринде Кадрлар бөлүмүнүн алдыңкы менеджери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ