Кыргыз тарап Непал өкмөтүнөн Кыргыз Республикасынын Непалдагы Ардактуу консулунун кармалганы жөнүндө расмий кабар алган жок. Кыргызстандын Индиядагы элчилиги тергөөнүн жыйынтыгын күтүү зарыл деп эсептейт.
Бул маселе Элчиликтин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө. Жаңы маалымат келгенде, ал кийинчерээк жарыяланат.
Маалымат үчүн: С.Агарвал Непалдагы ири жеке менчик уюмдардын бири болгон “Шанкер групптун” төрагасынын орун басары болуп саналат. Анын курамына темир, цемент, полипропилен каптарын ж.б. өндүрүү менен алектенген элүүгө жакын компания кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ