Menu

Тайланддын 38 жаштагы жараны экинчи ирет таажывирусун жуктуруп алган

Бөлүшүү:

Тайланддын жараны таажывирусунан айыккан соң вирусту кайрадан жуктуруп алган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар Тайланддагы жергиликтүү гезитке шилтеме берип жазып чыкты.

Чайяпхум провинциясынын саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, март айынын башында чет өлкөдөн кайтып келген 38 жаштагы аял ооруп, 12-мартта Бангкоктогу дарыгерге кайрылган. Ал анализ тапшырып, жыйынтыгында таажывирусу аныкталган.

Ал ооруканада эки жумадан ашык убакыт жаткан, бейтап айыгып, таажыруска анализ алынып, үч жолу терс натыйжасынанн кийин ооруканадан чыгарылган.

Март айынын аягында Чайяпхум провинциясына кайтып келген аял, 4-апрелде дагы сасык тумоонун белгилери менен дарыгерге кайрылган. Таажывирустук тест оң болуп чыгып, ал облустук ооруканалардын биринин жугуштуу ооруканасына жаткырылган, азыр ал кайрадан дарыланып жатат.

“Бул таң калыштуу окуя, бирок медициналык документтер жана Бангкок ооруканасынын дарыгерлери тарабынан эпидемиологиялык көрсөтмөлөрү менен тастыкталган” – деп айткан Чайяпхум провинциясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Ватчира Ботпхибун.

Акыркы маалыматтар боюнча, Тайландда 2423 адамдан таажывирусу аныкталган, 940 адам толугу менен оорудан арылган, ал эми 32  киши илдеттен улам көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 56 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: