Menu

Тажикстан таажывирус Кыргызстан тараптан кирет деп чочулоодо: “тажик аймагынан кыргыз көрсөңөр тез милицияга кабар кылгыла” деп эскертишүүдө

Бөлүшүү:

Тажикстандын түндүгүндө эң чоң кыштак жарым-жартылай жабылган. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Ал кыштак Кыргызстан менен чектешет, бийлик таажывирусу коңшу мамлекет келиши мүмкүн деп кооптонот.

Тажикстандын Согди облусунун Гафуров районундагы Бобожон Хистеварз айылында бийлик таажывирустун жайылышын алдын алуу максатында, Лейлек районунун Борбордук айылындагы кыргыздар менен байланышкан бардык жолдорду убактылуу жабуу чечимин кабыл алды.

Хистеварздын тургуну Акрам журналисттерге билдиргендей, учурда бардык көчөлөр, ошондой эле кыргыздар менен байланыштырган жолдор жабылган. Ал жакта милиция кызматкерлери турат.

“Биздин айылдагы бардык көчөлөр жана жолдор, анын ичинде Худжандга баруучу негизги жол жабык. Азыркы учурда, райондук борбор менен бирден-бир байланыш Зарнисор аркылуу өтөт. Биздин айылдын тургундарынын кыргызстандыктар менен байланышуусуна жол бербөө үчүн, айылдын айрым жолдорунда траншеялар казылып, башкаларына шагыл төгүлүп, айрым жерлерде тоскоолдуктар орнотулган” – деп билдирген Акрам.

Анын айтымында, тургундарга Тажикстандын аймагындагы Кыргызстандын жарандарын байкап калса, бийлик органдарына кабарлоону буйрук кылышкан.

Ошондой эле ал  Хистеварз ооруканасынын башкы дарыгери карантинде экенин айтты: ал Россиядан кайтып келген аял менен байланышкандан кийин карантинге алынган.

Оорукананын башчысы карантинде

Хистеварздагы №1 райондук ооруканасынын башкы дарыгери Рудоба Мадаминова журналисттерге дене табы көтөрүлүп кеткен аял менен байланышкандан кийин карантинге алынганын тастыктаган.

Мага бир бейтапты алып келишкен, мен аны карап чыктым. Анын дене табы жогору болчу, ал Орусияда болгону белгилүү болгон. Ал үйүнө март айынын ортосунда кайтып келип, 13 күндөн кийин дене табы көтөрүлгөн, ал үйдө өзүн-өзү дарылай баштаган. Биз аны жугуштуу оорулар ооруканасына жөнөттүк, ал карантинге алынган. Ошондой эле, анын үй-бүлөсүнүн алты мүчөсү, мен жана бейтапты алып келген адам дагы карантинге алынды. Аялга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таажывирустук тесттер жасалып, терс натыйжа берди” – деп билдирген дарыгер.

Оорукананын башкы дарыгери дагы өзүн жакшы сезип жатканын айтып, бейтаптын жана анын үй-бүлөсүнүн анализдеринин жыйынтыктары терс болгонуна кубанганын билдирген.

Таажывирусту алдын алууга багытталган иш-чаралар

Хистеварз өзүн-өзү башкаруу органынын төрагасы Уктам Жураев журналисттерге билдиргендей, бул иш-чаралардын бардыгы вирустун өлкөгө кирүүсүн алдын алууга багытталган.

“Бизде эч кандай чектөөлөр жок, бардык айылдардын тургундары эркин жүрөт. Таажывирустук инфекциянын таралышына жол бербөө үчүн бир гана убактылуу чектөө бар. Таажывирусу коңшу өлкөдө катталганын баарыбыз билебиз” – деп белгилеген Жураев.

Согди облусунун төрагасынын басма сөз катчысы Музаффар Юнусов журналисттерге полиция кызматкерлери тажик жарандары Кыргызстандын аймагына кирбеши үчүн, жана кыргыз жарандары Тажикстандын аймагына кирбеши үчүн жолдорго турганын айткан.

“Бардык жарандар эркин кирип-чыгышат, алардын кыймылына эч кандай чектөө жок” – деп билдирген Музаффар Юнусов.

Ал ортодо Исфара-Худжанд каттамында таксист болуп иштеген айдоочуларынын бири Муин Алиев журналисттерге  МАИ кызматкерлери унааларды токтотуп жатканын айткан.

“Алар унаада кыргызстандыктар жокпу деп текшерип жатышат. Унаада кыргыз жарандары бар болсо, анда алар айдоочулар жана бардык жүргүнчүлөр менен бирге карантинге алынат” – деп айткан айдоочу.

Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстанда 8-апрелге карата бир дагы адамдан таажывирусу аныкталган эмес. Ал эми Кыргызстанда жалпысынан 280 адам таажывирусту жуктуруп алган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: