Кечээ, 9-апрелде өкмөттө өткөн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев санитардык-карантиндик посттордогу тепловизорлор туура эмес натыйжаларды көрсөтүп келгенин ырастады.
Социалдык тармактарда санитардык посттордон өткөн жарандардан тепловизордон текшергенде денелеринин температурасы 29 градустан 33 градуска чейин (35,5 градус) көрсөткөн. Эмне үчүн мындай жыйынттык чыкканын текшергендер жооп бере алышкан эмес.
«Көпчүлүк тепловизорлор бөлмө температурасында иштөөгө ылайыкталган экен. Биз муну билген жокпуз. Кечээ, Кытай элчиси гуманитардык жардам катары бизге тышкы чөйрөдө иштөөгө арналган 100 тепловизор тапшырды. Биз каталарды көрсөткөн аппараттарды алмаштырабыз, жаңылары аба ырайына карабастан жыйынтыктарын катасыз көрсөтүшөт “, – деди Каратаев.
Эки жумадан ашык убакыттан бери адамдардын температурасын, чындыгында, иштебей жаткан аппараттар менен өлчөгөнү жана Кытай жаңы тепловизорлорду жибербесе эмне болоору жөнүндө суроолор жоопсуз калды.
Кыргызстанда кечээ, 9-апрелде эртең менен расмий түрдө 280 таажывирус учуру катталды, алардын 34ү медицина кызматкерлери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ