Menu

Дүйнөдө 1,6 миллиондон ашык адамдан таажывирусу аныкталган

Бөлүшүү:

Дүйнө жүзүндө 10-апрелге карата таажывирусту жуктургандардын саны 1 миллион 603 миңге жетти. Бул тууралуу инфекциянын жайылышына мониторинг жүргүзгөн Жонс Хопкинс университетини маалымдаганын чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Университеттин маалыматы боюнча, таажывирусунун жуктуруп алгандардын саны 1 600 427ге жетти. 95 699 киши илдеттен улам көз жумган.

Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө илдетти жуктуруу боюнча алдыңкы орунда турат, 465 миңден ашык адамга вирус жуккан жана 16,6 миң адам каза болгон.

Дүйнөдө таажывирустун курмандыктарынын саны боюнча, Италия биринчи орунда турат, 18 279 адам каза болуп, 143 626 кишиге оору жуккан.

Америка Кошмо Штаттарынан кийин бейтаптардын эң көп саны Испанияда катталды – 153 222 киши, 15 447 оорудан улам көз жумган.

Францияда 118 783 адамга вирус жуккан, 12 210 киши каза болгон, Германияда 118 235 адамдан таажывирусу аныкталган, 2 607 киши каза болгон, Улуу Британияда 65 872 адам вирусту жуктуруп алган, 7 978 адам өлүмгө дуушар болгон, Түркияда 42 282 кишиден таажывирусу табылган, 908 киши каза болгон.

Кытайда акыркы сутка ичинде таажывирусту жуктуруунун 42 жаңы учуру катталган, 38и чет өлкөлөрдөн келген, 4 учур өлкөнүн ичинде катталган (Гуандун провинциясында – 3, Хэйлунцзян – 1).

2019-жылдын декабрь айынан бери Кытайда 3 336 адам каза болгон. 81 907 кишиден таажывирусу аныкталган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 95,7 миң адам таажывирустун курмандыктары болду.

Каза болгондордун саны боюнча: Италия 1-орунда 18,2 киши, 2-орунда АКШ – 16,6 киши, 3-орунда Испания – 15,4 киши.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: