Таажывирус илдетинин эпидемиологиялык абалына ылайык, Казакстанда саат 09: 00дө таажывирустук инфекциянын дагы 21 учуру катталган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Инфекциянын жаңы учурлары Батыш Казакстан облусунда – 2, Мангистау облусунда – 2, Кызылорда облусунда – 4, Атырау облусунда – 3, Шымкент шаарында – 4, Акмола облусунда – 1, Караганды облусунда – 4, Нур-Султан шаарында – 1.
Ошондой эле, Алматы шаарында бир адам өлүмү катталды. Жалпы каза болгондордун саны – 9 адамга жетти.
Бүгүнкү күндө аталган өлкөдө 802 таажывирус илдети тастыкталды, алардын ичинен:
– Нур-Султан шаарында – 226 адам;
– Алматыда – 122 адам;
– Караганды облусунда – 61 адам;
– Акмола облусунда – 61 адам;
– Атырау облусунда – 45 адам;
– Жамбыл облусунда – 45 адам;
– Шымкентте – 31 адам;
– Чыгыш-Казакстан облусунда – 6 адам;
– Алматы облусунда – 10 адам;
– Актөбө облусунда – 11 адам;
–Түндүк Казакстан облусу – 25 адам;
– Павлодар облусунда -3 адам;
– Мангистау облусунда – 9 адам;
– Кызылорда облусунда – 104 адам;
– Батыш-Казакстан облусунда – 6 адам;
– Туркестан облусунда – 34 адам;
– Костанай облусунда – 3 адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ